30-берене. Компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү жана аны кайра кароо
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 4-глава
1. Компенсациялык чара ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча, субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.
2. Компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү мындай чараны колдонуу башталган же өзгөргөн жагдайларга байланыштуу жүргүзүлгөн жана бир убакта субсидиялануучу импортту жана анын экономика тармагына келтирген зыянын талдоого тиешелүү болгон же компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн кайталап териштирүү аяктаган датадан тартып 5 жылдан ашпоого тийиш.
3. Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү териштирүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык берилген арыздын негизинде, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү арызда субсидиялануучу импортту кайра жаңыртуу, же болбосо улантуу жана компенсациялык чаранын колдонулушу токтотулганда экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар болгондо жүргүзүлөт. Кайра териштирүү компенсациялык чаранын мөөнөтү бүткөнгө чейин башталууга жана ал башталган күндөн тартып 12 ичинде аяктоого тийиш. Ушул бөлүктүн жоболоруна ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүү аяктаганга чейин, компенсациялык чараны колдонуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча тиешелүү компенсациялык чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде, алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте узартылат, компенсациялык чараны колдонууга байланыштуу белгиленген, колдонуу мөөнөтү кайталап териштирүү жүргүзүүгө байланыштуу узартылуучу компенсациялык алымдардын ставкалары боюнча компенсациялык алымдар төлөнөт. Эгерде компенсациялык чаранын колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чараны колдонуу үчүн негиздер жок экендиги аныкталса, же болбосо териштирүү жүргүзүү жол-жобосуна ылайык компенсациялык чараны колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, компенсациялык чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат. Эгерде компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан субсидиялануучу импортту кайра жаңылоо, же болбосо улантуу жана экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү белгиленсе, компенсациялык чараны колдонуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылат. Компенсациялык чараны узартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алымдардын суммалары компенсациялык чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
4. Эгерде компенсациялык чара киргизилгенден кийин 1 жылдан кем эмес убакыт өткөн болсо, же териштирүү жүргүзүп жаткан органдын демилгеси боюнча компенсациялык чараны колдонууну улантуунун максатка ылайыктуулугун аныктоо жана/же аны кайра карап чыгуу (анын ичинде компенсациялык алымдын ставкасынын жеке өлчөмүн кайра кароо) максатында өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу кайрадан териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу кайталап териштирүү ал башталган күндөн тартып 12 айдын ичинде аяктоого тийиш.
5. Далилдерди көрсөтүү жана териштирүү жүргүзүү, тиешелүү айырмачылыктарды эске алуу менен, ушул беренеде каралган кайталап териштирүүлөргө карата колдонулат.
6. Ушул берененин жоболору, тиешелүү айырмачылыктарды эске алуу менен, ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык экспорттоочу чет мамлекет же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерге карата колдонулат.
7. Кайталап териштирүү компенсациялык чара колдонулуучу, бирок кызматташуудан баш тарткандан башка себептер боюнча териштирүү жүргүзүлбөгөн экспорттоочу үчүн компенсациялык алымдын жеке ставкасынын өлчөмүн аныктоо максатында жүргүзүлүшү да мүмкүн. Мындай кайталап териштирүү, аталган экспорттоочунун арызы боюнча, териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан башталышы мүмкүн.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
- 28-берене. Компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү жана аны кайра кароо
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-30" title="30-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>