Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-берене. Компенсациялык алымды киргизүү жана колдонуу
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 4-глава
1. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясы чакыртылып алынган болсо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
2. Компенсациялык алымды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен териштирүү жүргүзүп жаткан орган даярдаган компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө сунушту макулдашат.
3. Компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим спецификалык субсидия берген экспорттоочу чет мамлекетке консультацияларды өткөрүү сунушталгандан кийин, мамлекет андан баш тарткан же аларды өткөрүүнүн жүрүшүндө өз ара алгылыктуу чечимге келбеген учурда кабыл алынат.
4. Компенсациялык алым бардык экспорттоочулар тарабынан берилүүчү жана экономика тармагына зыян келтирүүчү субсидияланган импорттун предмети болуп саналган товарга карата колдонулат (ыктыярдуу милдеттенмелери жактырылган экспорттоочулар берген товарды кошпогондо).
Айрым экспорттоочулар берүүчү товарларга карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан компенсациялык алымдын ставкасынын жеке өлчөмү белгилениши мүмкүн.
5. Компенсациялык алымдын ставкасы экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясынын субсидиялануучу жана экспорттолуучу товардын бирдигине эсептелген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Эгерде субсидиялар субсидиялоонун ар кандай программаларына ылайык берилсе, алардын жыйынды өлчөмү эске алынат. Эгерде ставка экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болуп саналса, компенсациялык алымдын мындай ставкасы экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясынын өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн.
6. Компенсациялык алымдын ставкасын аныктоодо компенсациялык алым киргизүү алардын экономикалык кызыкчылыктарына таасир этиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнүн пикирлери эске алынат.
7. Компенсациялык алым бажы жол-жоболоруна ылайык киргизилген товарларга карата колдонулушу мүмкүн, аларга жайгаштыруунун шарты болуп алдын ала компенсациялык алымды киргизгенге чейин 90 календардык күндөн эрте эмес компенсациялык алымды төлөө саналат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-29" title="29-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>