Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыянды, мындай зыянды келтирүү коркунучун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын белгилөө
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 3-глава
1. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыян, мындай зыянды келтирүү коркунучу же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашы демпинг импортунун көлөмүн талдоонун жыйынтыктарынын жана мындай импорттун Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы окшош товардын бааларына жана окшош товардын өндүрүүчүлөрүнө болгон таасиринин негизинде белгиленет.
2. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына зыяндын болушун аныктоо максатында маалыматтар талдоого алынуучу териштирүү мезгили териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.
3. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу белгиленгенде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган бардык болгон факторлорду эске алат.
4. Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө орун алган факторлорду талдоонун жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортун токтотуунун мүмкүн эместиги жана ушундай импорт менен шартталган экономика тармагына материалдык зыян келтирүү жана демпингге каршы чара көрүү зарылчылыгы жөнүндө корутунду берсе, экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун бар экендиги тууралуу чечим кабыл алынат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-16" title="16-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>