15-берене. Товардын экспорттук баасын аныктоо
Күчүндө · 03.07.2023 редакциясы · 3-глава
1. Товардын экспорттук баасы териштирүү мезгилинде аны сатуу жөнүндө бар маалыматтардын негизинде аныкталат.
2. Демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтар жокто, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органда товардын экспорттоочусу жана импорттоочусу байланыштуу адамдар болуп саналгандыктан (анын ичинде үчүнчү жактар менен), бул товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтардын аныктыгына негиздүү шектенүүлөр келип чыкканда, же болбосо мындай товардын экспорттук баасына карата келишип алуу түрүндөгү чектөөчү иштиктүү практика болгондо, анын экспорттук баасы импорттолгон товар көз карандысыз сатып алуучуга алгачкы жолу кайра сатылган баанын негизинде же, эгерде мындай товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон түрүндө кайра сатылбаса, башка метод менен эсептелиши мүмкүн. Ушуну менен бирге, товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштыруу максатында, пайда, ошондой эле товардын импорту менен аны кайра сатуунун ортосундагы мезгилде төлөнгөн чыгымдар (анын ичинде бажы алымдары жана салыктар) эске алынат.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112612/st-15" title="15-берене - Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>