2-берене
Күчүндө · 22.06.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2281-берене менен толукталсын:
"2281-берене. Атайын декларацияда камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу
1. Декларант жөнүндө маалыматтарды жана атайын декларацияда камтылган маалыматты декларанттын макулдугусуз ачыкка чыгаруу же болбосо пайдалануу -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пулга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -
эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 22.06.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112606/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>