25-берене. Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 177
1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларды транспорттук пландаштыруу функциялары архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Автомобиль жолдорунун долбоорлору, ошондой эле аларды куруу жана реконструкциялоо долбоорлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
3. Автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык экспертизадан, ал эми жалпы пайдалануудагы колдо болгон автомобиль жолдорун капиталдык жана арадагы оңдоо үчүн документтер - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте ведомстволук экспертизадан өтүүгө тийиш.
4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун курулушу жана реконструкциясы үчүн зарыл болгон материалдарга кетүүчү финансылык чыгымдарды, алардын рыноктук баасын, жумуштардын наркын эске алуу менен, ошондой эле долбоорлонуп жаткан автомобиль жолун бойлоп кетүүчү электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүмүн жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды камтууга тийиш.
Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо алдын ала финансылык чыгымдарды эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер эксперименттик долбоорду ишке киргизүү боюнча чараларды, атап айтканда, башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаны ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды ишке киргизүү боюнча чараларды камтууга тийиш. 4-1. Долбоордук документтерде көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экспертизадан өткөн долбоордук чечимдер жана финансылык чыгымдар мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө тиешелүү бааларды белгилөө үчүн негиз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда гана кайра каралышы мүмкүн. Автомобиль жолун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо келишиминде көрсөтүлгөн нарктын жана долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарктын ортосундагы айырма 5 пайыздан ашпоого тийиш.
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана күтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, аларда акы төлөнүүчү кыймылды уюштуруу, ошондой эле жол жээгиндеги сервис объекттерин өнүктүрүү максатында транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарын тартууга жана пайдаланууга укуктуу.
6. Автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого кызыкдар болгон юридикалык жана жеке жактар транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү макулдашууну түзгөндөн кийин ушул иш-чараларды каржылоого катыша алат.
7. Автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштырууну, аларды жаңы куруунун жана реконструкциялоонун стратегиялык пландарына киргизүүнүн тартибин жана критерийлерин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
8. Республикалык бюджеттен каржылануучу автомобиль жолдорун куруунун жана реконструкциялоонун планы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 177 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ведомстволук экспертизадан өтүүгө тийиш.
4. Автомобиль жолдорун алынып салынды: куруу жана алынып салынды: реконструкциялоо кошулду: жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук алынып салынды: документтер кошулду: документтер, долбоорлонуп жаткан автомобиль алынып салынды: жолдорун бойлото кошулду: жолунун курулушу жана реконструкциясы үчүн зарыл болгон материалдарга кетүүчү финансылык чыгымдарды, алардын рыноктук баасын, жумуштардын наркын эске алуу менен, ошондой эле долбоорлонуп жаткан автомобиль жолун бойлоп кетүүчү электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүмүн жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды камтууга кошулду: тийиш.
Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо алдын ала финансылык чыгымдарды эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер эксперименттик долбоорду ишке киргизүү боюнча чараларды, атап айтканда, башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаны ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды ишке киргизүү боюнча чараларды камтууга тийиш.
4-1. Долбоордук документтерде көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экспертизадан өткөн долбоордук чечимдер жана финансылык чыгымдар мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө тиешелүү бааларды белгилөө үчүн негиз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда гана кайра каралышы мүмкүн.
Автомобиль жолун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо келишиминде көрсөтүлгөн нарктын жана долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарктын ортосундагы айырма 5 пайыздан ашпоого тийиш.
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, … чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
кошулду: (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 177 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 538 "Автомобиль жолдорун…Постановление · 05.12.2023 · № 642
- КР Транспорт жана жол министрлигинин 2024-жылдын 25-июлунун № 176 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 "Кыргыз…Приказ · 25.07.2024 · № 176
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112594/st-25" title="25-берене - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>