5-статья. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулугу
Күчүндө · 26.04.2023 редакциясы
1. Социалдык фонд өз алдынча бюджетке ээ. Ушул мыйзамда белгиленген Социалдык фонддун өздүк киреше булактарынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат.
2. Социалдык фонддун бюджеттик системасын Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун бюджеттери түзөт.
3. Эсептик мезгил финансылык жылды жана ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын аралыгында, пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчёттук жыл үчүн бюджетти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар бүткөрүлөт.
4. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору жыл сайын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыгат.
5. Социалдык фонддун бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору Байкоочу кеңеш менен макулдашылат.
6. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышынын аудити Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Социалдык фонддун бекитилген бюджетинин аткарылуу процессине башка органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
8. Ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фонд квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында финансылык отчётторду жарыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчётторунун түзүмү, даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынан белгиленет.";
4) 9-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктүн он төртүнчү абзацында "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) он экинчи бөлүктүн тогузунчу абзацында "(мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу башчыларынын макулдугусуз)" деген сөздөр алып салынсын;
в) он үчүнчү бөлүктө "мыйзамдарына" деген сөз "эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдардын маалымат базаларынан Социалдык фондго маалыматтарды берүү акысыз жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 26.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112574/st-5" title="5-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>