9-статья. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөөчүлөр
Күчүндө · 29.03.2023 редакциясы
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү);
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жактар.
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр Кыргыз Республикасынын иш берүүчүлөрү, кызматкерлери жана жарандары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган катышта жана өлчөмдөрдө төлөнөт. Жарандардын төмөнкүдөй категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген катышта жана өлчөмдөрдө, бирок жылына 1,5 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө төлөнөт:
- калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
- пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана социалдык жөлөкпул алуучулар;
- он алты жаш куракка толгонго чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын жана медреселердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, бирок алар он сегиз жаш куракка толгондон ашык эмес), баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери - алар жыйырма бир жаш куракка толгонго чейин (сырттан же кечки бөлүмдө окугандарды кошпогондо);
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка органдарында кызмат өтөп жаткан адамдар;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ынайын күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар үчүн, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар үчүн төгүмдөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу же чет өлкөлүк жарандар же Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан жана иштеп жаткан адамдар, жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар, кайрылмандар өз алдынча төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин, анын ичинде накталай эмес формада сатып алуу жолу менен милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укукту жана камсыздандырылган деген статусту берет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин наркын эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
3) 17-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 24-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 27-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 29.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112567/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>