1-берене
Күчүндө · 29.03.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын он төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8 жана 9-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш болгон жактар Төмөнкүлөр милдеттүү медициналык камсыздандырылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- башка адамдар: Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан жана иштеп жаткан чет өлкөлүк адамдар; жарандыгы жок адамдар, качкындар жана Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар; кайрылмандар.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында камтылбаган адамдар медициналык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча төлөйт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Берененин тексти 29.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112567/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>