3183-берене. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же аны жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз боюнча соттун чечими
Күчүндө · 11.04.2023 редакциясы
Арызды кароонун натыйжалары менен сот төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти мыйзамсыз деп таануу жөнүндө же болбосо нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти мыйзамсыз деп таануудан баш тартуу жөнүндө;
2) нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну мыйзамсыз деп таануу жана нотариусту нотариалдык аракетти жасоого милдеттендирүү же болбосо нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну мыйзамсыз деп таануудан баш тартуу жөнүндө.";
29) 329-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) эгерде иш апелляциялык тартипте каралса."
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурду кошпогондо, даттанууну кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.";
30) 331-берененин 1-бөлүгү расмий тилдеги текстте төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Лицо, подавшее апелляционную жалобу (представление), вправе отказаться от нее до вынесения решения судом. Вышестоящий прокурор вправе отозвать представление до вынесения решения судом.";
31) 343-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Апелляциялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоодо сот ал жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук акты түзүүгө милдеттүү. Апелляциялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат. Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кабардар кылуу менен кат аркылуу жиберилет (берилет).";
32) 353-берененин 2-бөлүгүндө "бир айлык" деген сөздөр "отуз күндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 357-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) көчүрмөлөрү жиберилгендиги жөнүндө далилдер тиркелбесе;
7) эгерде иш кассациялык тартипте каралган болсо.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.";
34) 360-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
35) 361-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
36) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3611-берене менен толукталсын:
"3611-берене. Соттун аныктамаларына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби
1. Ушул Кодекстин 39-главасында белгиленген тартипте кабыл алынган биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо иш боюнча оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөр менен ушул Бөлүмдүн эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Кассациялык инстанциялардагы сот биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына даттанууларды (сунуштамаларды) даттануу өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин карайт, ал жөнүндө ишке катышуучу жактарга кабарлайт. Бул мөөнөт даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлерин сотко келтирүү үчүн ишке катышуучу жактарга берилет. Даттанууга (сунуштамага) карата каршы пикирдин жоктугу аны кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону (арызды) кароосуз калтыруу жөнүндө биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун аныктамаларын кайрадан кароо жалпы тартипте жүргүзүлөт.";
37) 369-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кассациялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда сот ал жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны түзүүгө милдеттүү.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат. Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирүүчү менен кат аркылуу жиберилет (берилет).";
38) 375-берененин 1-бөлүгүндө "жана кассациялык" деген сөздөр алып салынсын;
39) 378-берененин биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы сот ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө соттук жыйналышта карайт.";
40) 385-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну же талашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын башка органы тарабынан арыз берилсе.";
41) 44-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 411-берененин экинчи абзацында "арыз сот тарабынан ал сотко келип түшкөн күндөн баштап он күндүк" деген сөздөр "сот тарабынан ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 413-берененин 1-бөлүгүндө "ал сотко келип түшкөн күндөн баштап бир айлык" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 420-берененин 1-бөлүгүндө "ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 425-берененин 1-бөлүгүндө "ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айлык" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 431-беренеде ", ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу үчүн мөөнөттү кошкондо арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
Берененин тексти 11.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3183-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112566/st-3183" title="3183-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>