2141-берене. Соттук материалдар боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу
Күчүндө · 11.04.2023 редакциясы
1. 72, 111, 112, 114, 115, 143, 145, 147, 148, 206, 208-210, 213, 337, 372, 391, 394, 406, 409-412, 415, 418, 423, 429, 438-беренелерде каралган соттук материалдар боюнча арыздарды кароо, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген башка учурларда арыздардын айрым түрлөрүн кароонун эрежелери менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул Главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылат.
2. Соттук материалдар боюнча арыздар алар сотко келип түшкөн күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө каралат.
3. Соттук материалдар боюнча арыздарды кароодо арызды камсыз кылуу чараларын көрүүгө, үчүнчү жактарды тартууга, иш боюнча өндүрүштү токтото турууга жол берилбейт.
Берененин тексти 11.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112566/st-2141" title="2141-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>