2146-берене. Арызды кайтарып берүү
Күчүндө · 11.04.2023 редакциясы
1. Сот төмөнкү учурларда арызды кайра кайтарат, эгерде:
1) иш бул сотко караштуу болбосо;
2) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;
3) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин аны кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө;
4) ушул Кодекстин 2142 жана 2143-беренелеринин талаптары сакталбаса.
2. Арызды кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда иш эгерде бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо арызды кабыл алууга тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Арызды кайтарып берүү, аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин, ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
5. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 11.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2146-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 2142-берене
- 2143-берене. Арызды кайтарып берүү
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112566/st-2146" title="2146-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>