2145-берене. Арызды кабыл алуудан баш тартуу
Күчүндө · 11.04.2023 редакциясы
1. Сот арызды кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого же чечүүгө жатпаса;
2) ошол эле жактын, ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча арызы сот тарабынан мурда каралса.
2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле убакта ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.
3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээсинин ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайрадан кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 11.04.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2145-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112566/st-2145" title="2145-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>