Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
46-берене. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 10-глава
1. Укук ээсине Мыйзамга карама-каршы келбеген кандай болбосун ыкмада, анын ичинде ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн ыкмаларда географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу таандык.
Ушул Мыйзамдын 35-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук ээлери географиялык көрсөтмөнү каттоодо билдирилген товардын касиеттеринин жана мүнөздөмөлөрүнүн ылайыктуулугун контролдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жактардын бирикмесине берилген учурда, мындай географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу бул бирикменин мүчөсү болуп саналган ар бир адамга, мындай географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болгон товарларга карата пайдаланылган шартта берилет.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу болуп, атап айтканда, бул географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын төмөнкүлөргө жайгаштыруу эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, сатууга сунушталган, сатылып жаткан, көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтүлгөн же башка түрдө жарандык жүгүртүүгө киргизилген, же болбосо ушул максатта сакталган же ташылган, же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарларга, этикеткаларга, товарлардын таңгактарына;
2) товарларды жарандык жүгүртүүгө киргизүүгө байланышкан бланктарга, эсептерге, башка документтерге жана басылмаларга;
3) товарларды сатуу жөнүндө сунуштарга, ошондой эле жарыяларга, көрнөктөргө жана жарнамаларга;
4) Интернет түйүндөрүнө, анын ичинде домендик аталышка.
4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу деп төмөнкүлөр таанылат:
1) катталган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болбогон жактардын пайдалануусу, ал тургай эгерде мындайда товар анык чыгарылган жер көрсөтүлсө же географиялык көрсөтмө котормодо же болбосо "тек", "тип", "тууроо" жана башка ушул сыяктуу сөздөр менен айкалышта пайдаланылса;
2) катталган географиялык көрсөтмөнү аны пайдалануу укугуна ээ болгон жактардын Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө ээ болбогон, же болбосо Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде көрсөтүлгөн географиялык объектинин чектеринен тышкары өндүрүлгөн товарга карата пайдалануусу;
3) товар чыгарылган жери же товардын мүнөздөмөлөрү боюнча керектөөчүлөрдү жаңылышууга алып келүүгө жөндөмдүү, катталган географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы менен окшош белгини бардык товарлар үчүн пайдалануу.
5. Укук ээси географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга лицензияны башка жактарга берүүгө укуксуз.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Окмөтунун 2007-жылдын 31-январы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана…Постановление · 31.01.2007 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябры № 555 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 19.10.2023 · № 555
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-46" title="46-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>