45-берене. Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 9-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук ээсинин арызы боюнча Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына пайдалануу укугун берүүгө, анын ичинде укук ээсинин аталышына, анын турган ордуна, кат жазышуулар үчүн дарекке, электрондук почта дарегине, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укуктуу жактардын тизмегине тиешелүү маалыматтарга, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу шарттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
Өзгөртүүлөр алым төлөнгөн шартта киргизилет.
2. Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары кетирилген айкын жана техникалык каталарды оңдоолор ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине жана күбөлүккө алым төлөнбөстөн киргизилет.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мамлекеттик каттоого жана аларды пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү, анын ичинде ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4, 6-9-пункттарында, 37-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздүүлүгүн жана зарылдыгын ырастаган документтер же компетенттүү органдын корутундусу тиркелет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-45" title="45-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>