42-берене. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо тартиби жана пайдалануу укугу
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 9-глава
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жөнүндө чечимдин негизинде, белгиленген алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана пайдалануу укугун каттоону жүзөгө ашырат.
Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо мөөнөтсүз колдонулат. Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине маалыматтарды киргизүү тартиби жана алардын тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Алым географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жөнүндө экспертизанын чечими өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде же, кошумча алым төлөнгөн шартта, көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып үч айдын ичинде төлөнөт.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө тиешелүү жана Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине киргизилген маалыматтар Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестрине алар киргизилген датадан тартып бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан расмий бюллетенге жарыяланат.
4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк, алым төлөнгөн шартта, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна болгон күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-42" title="42-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>