41-берене. Өтүнмө боюнча чечимге даттануу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 9-глава
1. Өтүнмөдөгү белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечими менен өтүнмө ээси макул болбогондо, ал чечим жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде алымды төлөө менен Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүүгө укуктуу. Каршы пикир Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
2. Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөттөр, алым төлөнгөн шартта, алар өткөндөн кийин эки айдан кечиктирилбестен өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-41" title="41-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>