39-берене. Алдын ала экспертиза жүргүзүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 9-глава
1. Өтүнмө берилген датадан тартып бир айдын ичинде алдын ала экспертиза жүргүзүлөт, анын жүрүшүндө ушул Мыйзамдын 36 жана 37-беренелеринде каралган зарыл документтердин курамы, аларды тариздөөнүн тууралыгы, алымдын төлөнгөндүгү текшерилет.
Алдын ала экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмөлөр кароого кабыл алынат же болбосо аларды кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылып, өтүнмө ээсине жөнөтүлөт. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим менен бир убакта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 36-беренесинин 8-бөлүгүнө жана 37-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берилген дата билдирилет.
2. Алдын ала экспертизанын оң жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоого өтүнмө жөнүндө маалыматтарды расмий сайтында жарыялайт. Маалыматтардын тизмеги жана аларды жарыялоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3. Өтүнмөлөр жарыяланган датадан тартып үч айдын ичинде кандай болбосун жак ушул Мыйзамдын 34-беренесинде белгиленген талаптарга өтүнмөдөгү белгилердин ылайык эместиги тууралуу далилдерди камтыган каршы пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-39" title="39-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>