38-берене. Географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөгө экспертиза жүргүзүү
Күчүндө · 24.03.2023 редакциясы · 9-глава
1. Географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөгө экспертиза алдын ала экспертизаны жана географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы катары өтүнмөдөгү белгиге экспертизаны камтыйт (мындан ары - өтүнмөдөгү белги).
2. Экспертиза жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өтүнмө ээсинен ансыз экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болбогон кошумча жана/же тактоочу материалдарды суратып алууга укуктуу. Жетишпеген жана тактоочу материалдар суроо-талап жөнөтүлгөн датадан тартып эки айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан берилүүгө тийиш. Суроо-талап жөнөтүлгөндө экспертиза тиешелүү мөөнөткө токтотулуп турат.
Суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү аяктаганга чейин өтүнмө ээси суроо-талапка жооп берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу, мындайда алым төлөнгөн шартта, суроо-талапка жооп берүү мөөнөтү өтүнмө ээсинин өтүнүч катында көрсөтүлгөн, бирок алты айдан ашык эмес мөөнөткө узартылат. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган, өтүнмө ээси өткөрүп жиберген мөөнөт, алым төлөнгөн шартта, мөөнөтү өткөндөн эки айдан кечиктирилбестен өтүнмө ээси берген өтүнүч кат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилет.
3. Экспертиза жүргүзүлгөн мезгилде өтүнмө ээси, алым төлөнгөн шартта, чечим кабыл алынганга чейин өтүнмөлөрдүн материалдарын толуктоого, тактоого же оңдоого укуктуу.
4. Эгерде кошумча материалдар аны берген датага карата өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмөлөрдү камтыса же өтүнмөдөгү белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар кароого кабыл алынбайт.
5. Өтүнмөлөр өтүнмө ээсинин суранычы боюнча кароонун кандай болбосун этабында, бирок Көрсөтмөлөрдүн жана аталыштардын реестринде географиялык көрсөтмө жана бул географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугунун берилиши же товар чыгарылган жердин аталышы жана аларды пайдалануу укугунун берилиши катталган датадан кечиктирилбестен артка кайтарылып алынышы мүмкүн.
6. Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө суралган тактоочу материалдар өтүнмө ээси тарабынан берилбесе, өтүнмөлөр артка кайтарып алынды деп таанылат, бул жөнүндө өтүнмө ээсине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабарланат.
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112553/st-38" title="38-берене - Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>