Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин ченемдери пайдаланылат.";
2) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "кайра аттестациялоодон жана" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "жана кайра аттестациялоо" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-статьяда "Өнөр жай менчигинин", "өнөр жай менчигинин" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик", "интеллектуалдык менчик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "өнөр жай" деген сөздөр "интеллектуалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктө:
- ", кайра аттестациядан" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункт "жогорку" деген сөздөн кийин "кесиптик" деген сөз менен толукталсын;
- 4-пунктта "өнөр жай менчигинин" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жактар.";
6) 7-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө "өнөр жай менчигинин" деген сөздөр "интеллектуалдык менчиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жетинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 10-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "ал акыркы жолу аттестацияланган күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз" деген сөздөр "ал алгачкы аттестацияланган датадан тартып беш жылдын ичинде кайрадан аттестациялоосуз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 13-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 15-статьяда "кайрадан аттестациялоого жана" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндөЗакон · 19.02.2001 · № 24
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112551/st-5" title="5-берене - Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>