4-берене
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
"Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 542-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьянын 2-пунктунда:
а) биринчи абзацта "(мындан ары - Кыргызпатент)" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацта "Кыргызпатентке" деген сөз "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-статьяда:
а) 2 жана 6-пункттарда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын он минималдык өлчөмүнөн кем болбоого тийиш" жана "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести түзөт" деген сөздөр "кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторунун жана жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын ондон кем эмес өлчөмүн түзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести" деген сөздөр "кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторунун жана жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын жыйырмадан кем эмес ар айлык өлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О служебных изобретениях, полезных моделях, промышленных образцахЗакон · 16.07.1999 · № 74
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112551/st-4" title="4-берене - Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>