Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин жашыруундугун сактоо
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-глава
1. Нотариус жана нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары өзүлөрүнүн нотариалдык иш-аракеттерди жасоого байланыштуу аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү. Жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоо милдети өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган жактарга, анын ичинде эмгек келишими токтотулгандан кийин да жайылтылат.
2. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешеси бар документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жеке жана/же юридикалык жактарга гана берилет.
3. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын талабы боюнча берилет, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет.
4. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди башка кандай болбосун учурларда берүүгө тыюу салынат.
5. Нотариус нотариаттын бирдиктүү маалыматтар тутумуна маалыматтарды өткөрүп бериши жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аларга жеткиликтүүлүктү берүүсү нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо үчүн кагаз түрүндө же болбосо электрондук түрүндө келишимди жөнөтүү нотариалдык иш-аракеттердин сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
7. Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 11-сентябрындагы № 161-буйругуна)Положение · 11.09.2023 · № 161
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-8" title="8-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>