7-берене. Нотариустун ишиндеги чектөөлөр
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-глава
1. Нотариус төмөнкүлөргө укуксуз:
1) нотариалдык. илимий, окутуучулук, эксперттик, чыгармачылык ишти кошпогондо, ишкердик жана башка экономикалык иш менен алектенүүгө;
2) келишимдерди түзүүдө арачылык кызматтарын көрсөтүүгө;
3) өз атына жана өзүнүн атынан, жубайынын атына жана анын атынан, өзүнүн (өз жубайынын) туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, анын ичинде асырап алынган балдарынын (кыздарынын), неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан, анын камкорчулугуна (көзөмөлчүлүгүнө) алынган адамдардын атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого;
4) тиешелүү нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда саналган уруксаттарды кошпогондо, жеке нотариус медиатордун ишин жүзөгө ашыра же болбосо Нотариалдык палатада шайлануучу кызмат ордун ээлей алат.
3. Жеке нотариус анын (алардын) катышуусу менен ал медиатор катары иштеген адамга (адамдарга) карата нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуксуз.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна 5-тиркеме)Положение · 29.12.2023 · № 218
- Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген) нускамаИнструкция · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген)…Инструкция · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112540/st-7" title="7-берене - Нотариат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>