1-берене
Күчүндө · 15.02.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1021-берене менен толукталсын:
"1021-берене. Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү
1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан педагогикалык кызматкерге карата сөгүнүү, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү, -
жеке жактарга эскертүү берүүгө же 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракеттерди жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын он алты жашка чейинки курактагы баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы -
эскертүүгө алып келет.";
2) 456-берене "102," деген цифралардан кийин "1021," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 15.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112520/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>