Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-февралы № 26
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1021-берене менен толукталсын:
"1021-берене. Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү
1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан педагогикалык кызматкерге карата сөгүнүү, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү, -
жеке жактарга эскертүү берүүгө же 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракеттерди жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын он алты жашка чейинки курактагы баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы -
эскертүүгө алып келет.";
2) 456-берене "102," деген цифралардан кийин "1021," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 (3462) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2023-жылдын 12-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128