17-берене. Жеке жакка карата алдын алуу иш-чаралары
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160
1. Жеке жактар (жарандар, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар) тарабынан экстремисттик материалдарды таратууга жол бербөө максатында, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарда каралган алдын алуу иш-чараларын жүргүзөт.
2. (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндө мыйзамдарда каралган алдын алуу иш-чараларын жүргүзөт.
2. алынып салынды: Жеке жак экстремисттик материалдарды сактаган же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактаган учурда, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Эгерде жеке жакка кылмыш-жаза ишин козгоодон баш тартылган учурда, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага жазуу жүзүндө алдын ала эскертме чыгарат жана мындай иш-аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык маектерди өткөрөт.
кошулду: (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. алынып салынды: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмесине сотко даттанылышы мүмкүн.кошулду: (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды…Порядок · 05.10.2023 · № 524 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 524 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке…Постановление · 05.10.2023 · № 524 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112515/st-17" title="17-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>