16-берене. Юридикалык жактардын же башка уюмдардын экстремисттик материалдарды таратууларынын жол берилбестиги жөнүндө эскертүү
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Юридикалык жактар же башка уюмдар экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында кабыл алынган чечимдин жыйынтыктары боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай иш-аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертме чыгарат. Эскертме юридикалык жактын же башка уюмдун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган учурдан тартып жарыяланган болуп эсептелет. Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертме алынган күндөн тартып токтоосуз четтетилүүсү тийиш. Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз жоюу боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, эскертмеде бул бузууларды четтетүү үчүн эскертме алынган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет.
2. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмесине сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Эгерде юридикалык жак же башка уюм тарабынан белгиленген мөөнөттө эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, алардын ишин токтотуу жөнүндө сотко доо арызын берүү жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жөнөтөт.
4. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмүнө юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине жоюу тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн катталган жери боюнча жөнөтүлөт.
5. Эгерде диний уюм же чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы (өкүлчүлүгү) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурда, мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү диний уюмдардын бирдиктүү реестринен чыгаруу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды…Порядок · 10.02.2026 · № 78
- Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды…Порядок · 05.10.2023 · № 524 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 524 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке…Постановление · 05.10.2023 · № 524 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112515/st-16" title="16-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>