1-берене
Күчүндө · 05.12.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктын бирден-бир акционери мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.";
2) 14-берененин 5-пунктунда "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 21-беренеде:
а) 3-бөлүктө "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө "Премьер-министринин" жана "Премьер-министри" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" жана "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 05.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112481/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>