2-берене
Күчүндө · 25.01.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) бешинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "социалдык коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) онунчу абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-беренеде:
а) 2-бөлүктүн бешинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-беренеде:
а) биринчи абзацта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы соода иши жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 6-берененин 1 жана 2 бөлүктөрүндө "Өкмөт" деген сөз тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-беренеде ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
Берененин тексти 25.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112465/st-2" title="2-берене - Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>