2-берене
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-беренеде:
а) 2-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктта "жана жоруктардын" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат" деген сөздөр "тартиптик, материалдык, жарандык-укуктук жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
3) 10-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунда "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө мамлекеттик тилде "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 12-беренеде:
а) 4-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-пунктта "Премьер-министрине" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 12-пунктта "командачылыгынын" деген сөз "Командачылыгынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Ички аскерлердин Командачылыгы
1. Ички аскерлердин Командачылыгы Ички аскерлерди башкаруу органы болуп саналат.
2. Ички аскерлердин Командачылыгынын ишин уюштуруу жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 14-берененин аталышында жана текстинде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 18-берененин 3-бөлүгүндө "колдонуудагы мыйзамдарга" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 19-беренеде:
а) 1-бөлүктө "колдонуудагы мыйзамдар" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 8-бөлүктө "колдонуудагы мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
9) 21-берененин 2-бөлүгүндө "ички иштер" деген сөздөр "укук коргоо органдарында кызмат өтөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 23-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 25-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндөЗакон · 03.06.2019 · № 70
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112458/st-2" title="2-берене - Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>