Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "укуктук жана социалдык жактан корголушунун кепилдиктерин," деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүгүндө "Премьер-министрине" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьянын биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статьянын төртүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 51-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "башкармалыктарынын" деген сөз "органдарынын бөлүктөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-статьяда "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүгүндө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоого;";
- 3-пунктта "жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта "жана жоруктарды" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктта ", жоруктардан" деген сөз алып салынсын;
- 9-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-1-пунктта "Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жазык иштери, жоруктар жөнүндө иштер жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр "Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жазык иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пунктта "миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды" деген сөздөр "тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт "жарандык," деген сөздөн кийин "тышкы" деген сөз менен толукталсын;
- 14-пунктта "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пунктта "белгиленген талаптарды аныктоого" деген сөздөр "сырткы видеобайкоо тутумдарына техникалык талаптарды иштеп чыгууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) жеке жана юридикалык жактар сырткы видеобайкоо тутумун орнотуп жатканда ракурс бурчун жана көрүнүү мүмкүнчүлүгүн макулдашууга;";
- 23-пункт "ашырууга," деген сөздөн кийин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
б) үчүнчү бөлүктө "4-" деген цифра "төртүнчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 9-статьяда:
а) 1-пунктта "жоруктарды, бузууларды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "жорук же бузуу" деген сөздөр "укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-пунктта "бузуулар" жана "бузуучуларды" деген сөздөр тиешелүү түрдө "укук бузуулар" жана "укук бузуучуларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын; ", жоруктарды" деген сөз алып салынсын;
д) 5 жана 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу;
6) 18 жаш куракка чыга элек, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же болбосо укук бузууларды жана укукка каршы аракеттерди жасоосуна шарт түзгөн жагдайга туш болгон адамдарды мыйзамдуу өкүлдөрүнө (алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга) өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборлорго жеткирүү жана убактылуу кармоо;";
е) 7-пунктта "бузууну" деген сөз "укук бузууну" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 8-пунктта "жана жоруктарды" деген сөздөр алып салынсын;
з) 9-пунктта ", жорук жана бузуу" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
и) 10-пунктта "жоруктар жөнүндө иштер, бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) 11-пунктта "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
л) 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
м) 17-пунктта "катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
н) 20-пунктта "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
о) 21-пунктта ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр "жана укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
п) 25-пунктта:
- ", жоруктардын жана бузуулардын" деген сөздөр "жана укук бузуулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги "жана жоруктардын" деген сөздөр алып салынсын;
- расмий тилдеги ", проступков" деген сөз алып салынсын;
- ", жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөн" деген сөздөр алып салынсын;
р) 27-пунктта "бузуулар жөнүндө" жана "бузууларга" деген сөздөр тиешелүү түрдө "укук бузуулар жөнүндө" жана "укук бузууларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
с) 28-пунктта "жана жорук" деген сөздөр алып салынсын;
т) 32-пунктта "жоруктар, бузуулар" деген сөздөр "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 24-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 25-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112458/st-1" title="1-берене - Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>