4-берене. Креативдүү индустриялар
Күчүндө · 08.08.2022 редакциясы
Креативдүү индустрияларга экономиканын төмөнкү тармактары кирет.
1) архитектура, шаардык жана региондук пландоо, ландшафт дизайны, интерьер дизайны;
2) декорацияларды түзүүнү кошуп алганда, көркөм сүрөт искусствосу;
3) санариптик искусствону кошуп алганда, медиа искусство, виртуалдуу жана толукталган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту түзүү, 3D-дизайн;
4) музыка, аткаруучулук искусство;
5) кино, телекөрсөтүү, радио, фотография, видеография, видеопродакшн;
6) анимация, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;
7) ЖМК, интернет-стриминг, подкасттарды жана блогдорду жүргүзүү;
8) кол өнөрчүлүк, жасалга-колдонмо искусствосу, көркөм өнөр иштери;
9) кийим-кече, аксессуарлар дизайнын, коллекцияларды түзүүнү кошуп алганда, мода индустриясы;
10) программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект;
11) компьютердик жана мобилдик оюндарды түзүү, киберспорт;
12) адабият, сценарийлерди жазуу, сторителлинг;
13) арт-менеджмент;
14) басма иши;
15) музейлерди, галереяларды, китепканаларды, маданият жана эс алуу парктарын, коворкингдерди, тренинг-борборлорун, мейкерспейстерди кошуп алганда, креативдүү мейкиндиктердин иши;
16) акселераторлордун жана бизнес-инкубаторлордун иши;
17) туроператорлордун, гиддердин, экскурсия алып баруучулардын, котормочулардын, аниматорлордун, туристтик көңүл ачууларды уюштуруучулардын иши жана туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;
18) конференцияларды, форумдарды, көңүл ачууларды, мода көрсөтүүлөрдү, шоу жана массалык иш-чараларды уюштуруу, продюссерлик кылуу;
19) жарнама, социалдык тармактардагы маркетинг, коомчулук менен байланыш;
20) квалификацияны жогорулатуу курстарын, тестирлөө жана сертификаттоо борборлорун кошуп алганда, креативдүү кесиптер чөйрөсүндөгү окутуу.
Берененин тексти 08.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 644 "Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2023 · № 644
- Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 327 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 23.06.2023 · № 327
- КР Министрлер Кабинетинин 05.12.23 ж. №644 токтомуПостановление · 05.12.2023 · № 644
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112419/st-4" title="4-берене - Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>