Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. КИПтин Байкоочу кеңешинин компетенциясы
Күчүндө · 08.08.2022 редакциясы
1. КИПтин Байкоочу кеңеши дирекциянын сунушу боюнча:
1) КИПтин дирекциясынын башчысын (директорун) дайындайт жана бошотот;
2) КИПтин дирекциясынын бюджетин бекитет;
3) КИПтин резиденти статусун берүү жана КИПтин резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
2. КИПтин дирекциясы тарабынан жүргүзүлүүчү КИПтин резиденттеринин ишине туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн, ошондой эле креативдүү индустриялар секторун башка изилдөөлөрдүн жана алардын абалын баалоонун негизинде Байкоочу кеңеш:
1) аларга КИПтин режими жайылтылуучу иштин түрлөрүнүн тизмегине иштин түрлөрүн киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
2) креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана креативдүү ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберет;
3) креативдүү индустриялар секторлоруна тиешелүү маалыматтарды статистикалык маалыматтарга киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берет;
4) КИПтин алты айдан кем эмес мезгилине милдеттерди жана ишинин көрсөткүчтөрүн аныктайт.
3. Байкоочу кеңеш креативдүү ишкердик маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туруктуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, креативдүү индустриялар чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын жана башкаруу чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышат.
Байкоочу кеңеш өз ишине ата мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле креативдүү индустриялар боюнча айрым адистерди тартат. Байкоочу кеңеш индустриялардын негизги өнүгүү тренддерин жана негизги көйгөйлөрүн аныктоо максатында республиканын айрым креативдүү индустрияларына, анын ичинде ушул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн экономика тармагына кирбеген аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат.
Берененин тексти 08.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112419/st-13" title="13-берене - Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>