9-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 2-глава
Министрлер Кабинети:
1) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
3) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун түзүү жана иштөө тартибин аныктайт;
4) төмөнкүлөрдү белгилейт:
а) баалуу металлдар жана асып таштар менен операцияларды жүргүзүүчү юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишинин түрлөрү боюнча атайын эсепке коюу тартибин;
б) энчилүү белгилерди каттоо, даярдоо, ошондой эле алардын издерин коюу жана жок кылуу эрежелерин;
в) Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө баалуу металлдарды, асыл таштарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежелерин;
г) баалуу металлдарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операциялардын тартибин;
5) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 "Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2019 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар…Постановление · 16.11.2022 · № 634 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112413/st-9" title="9-берене - Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>