Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 2-глава
1. Аларда баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, асыл таштардын калдыктары топтолгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер көрсөтүлгөн сыныктарды жана калдыктарды жыйноону жана милдеттүү түрдө эсепке алууну жүзөгө ашырышат.
2. Жеке өндүрүшүндө чогултулган баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, асыл таштардын калдыктары:
1) жеке өндүрүшүндө экинчи жолку пайдалануу үчүн аларды чогулткан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан өз алдынча кайра иштетилет;
2) келишимдин (контракттын) негизинде аффинаждоочу ишканаларга аффинаждоого жөнөтүлөт.
3. Атайын каттоодо турган, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатып алуучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөндөгү аракеттердин бирин жүзөгө ашырууга милдеттүү:
1) келишимдин (контракттын) негизинде баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын аффинажга жиберүүгө;
2) баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын башка юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге берүүгө же сатууга;
3) Евразия экономикалык бирлигинин укуктарында аныкталган тартипте баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгууга.
4. Баалуу металлдардын, асыл таштардын сыныктары, калдыктары менен операцияларды жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү…Постановление · 22.08.2019 · № 422 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар…Постановление · 21.06.2021 · № 37 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112413/st-11" title="11-берене - Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>