43-берене. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери жеке же болбосо бөлүмдүн (топтун) курамында кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу фактысы боюнча билдирүү тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Кызматкер же бөлүмдүн (топтун) жетекчиси куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуусунун ар бир учуру жөнүндө, ошондой эле кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын ден соолугуна залал же материалдык зыян келтирилген ар бир учур жөнүндө түздөн-түз начальнигине же аларды колдонуу орду боюнча жетекчиге тиешелүү рапорт берүүгө айкын мүмкүнчүлүк пайда болгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Кызматкер кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуунун натыйжасында жарандын же башка адамдын өлүмүнө же жаракат алуусуна алып келген ар бир факт боюнча улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу жетекчиси 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-43" title="43-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>