42-берене. Аскердик техниканы колдонуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 133
1. Улуттук коопсуздук органдары аскердик техниканы төмөнкү учурларда колдонот:
1) эгерде кол салууга башка ыкмалар менен бөгөт коюуга мүмкүн болбосо, жарандардын, кызматкердин жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуудан аларды коргоо үчүн;
2) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен ушундай бошотууну жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, барымтага алынгандарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, райондорду, жерди жана транспорт каражаттарын бошотуу үчүн;
3) менчиктин формасына карабастан имараттарга, жайларга, курулмаларга жана (же) транспорт каражаттарына куралдуу, топтошуп кол салуунун же кол салуу коркунучунун, анын ичинде транспорт каражаттарын колдонуп кол салуунун мизин майтаруу же болбосо басып алынган обьекттерди бошотуу үчүн;
4) укукка жат аракеттерди токтотуу, аларда болгон куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылуу коркунучу бар объекттерди (буюмдарды) жана техниканы тапшыруу жөнүндө кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан куралдуу адамдардын каршылык көрсөтүүсүн басуу үчүн;
5) улуттук коопсуздук органдарынын атайын каражаттарын, куралын, ок-дарыларын, жардыргыч заттарын, жарылуучу каражаттарын, атайын жүктөрүн, транспорт каражаттарын, аскердик техникасын жана куралынын башка түрлөрүн тартып алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;
6) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен токтотууга мүмкүн болбосо, кызматкердин мыйзамдуу талабына баш ийбеген учурда террористтик ишке тиешеси бар адамдар колдонгон транспорт каражатын бузуу (жок кылуу) менен аны токтотуу үчүн;
7) кызматкерлердин имараттарга, жайларга жана башка курулмаларга же болбосо жер тилкелерине мыйзамдуу кирүүсүнө тоскоол болуучу бекитүүчү түзүлмөлөрдү, элементтерди, конструкцияларды жана тосмолорду бузуу (талкалоо) үчүн;
8) ыкчам-күжүрмөн иштин жүрүшүндө кызматкерлерди коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн;
9) терроризмге каршы операция жүргүзүү чөлкөмдөрдө өзгөчө жана согуштук абал режимин камсыз кылуу үчүн;
10) улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктарында каралган башка учурларда.
2. Аскердик техниканы колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каражаттарын бошотуу үчүн;
3) менчиктин формасына карабастан алынып салынды: кайтарууга алынган объекттерге, имараттарга, жайларга, курулмаларга жана (же) транспорт каражаттарына … мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>