36-берене. Кызматкерлердин кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн колдонуу укугу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Кызматкерлер жеке өздөрү же бөлүмдүн (топтун) курамында алдына коюлган милдеттерди чечүүдө ушул бөлүмдүн жетекчисинин (топтун улуусунун) буйруктарын жана тескемелерин жетекчиликке алып, кара күч менен таасир этүү чараларын, атайын каражаттарды, куралды, аскердик техниканы жана куралдын башка түрлөрүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу.
2. Эгерде зомбулуксуз ыкмалар аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттеринин аткарылышын камсыз кылбаса, кара күч менен таасир этүү чаралары, атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук коркунучтарынын, коомдук кооптуу жосундардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү, өзүн коргоо, кызматкерлердин мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда колдонулат.
3. Кызматкерлерде зарыл атайын каражаттар, курал, аскердик техника жана куралдын башка түрлөрү жок болгондо аларды ушул Мыйзамда белгиленген тартипти сактоо менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн колдо болгон кандай болбосун каражаттарды жана ушул органдын куралдануусунда турбаган башка куралды колдонууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-36" title="36-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>