35-берене. Улуттук коопсуздук органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
1. Улуттук коопсуздук органдарын жана аларга баш ийген ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди каржылоо, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричиликтик камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам издөө ишин, анын ичинде конспиративдүү (ачык эмес) түрдө жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин актылары менен аныкталат.
3. Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөн же менчикке, ээлик кылууга жана колдонууга берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк пайдаланылышы мүмкүн.
4. Темир жол, автомобиль жана аба транспортунда, ошондой эле коргоо жана стратегиялык объекттерде коопсуздукту камсыз кылууга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын бөлүмдөрү тийиштүү ведомстволордун жана уюмдардын эсебинен жабдылган кызмат жайлары, анын ичинде байланыш каражаттары менен камсыз кылынат, бул уюмдар аларды күтүү жана эксплуатациялоо чыгымдарын да көтөрөт. Аскердик контрчалгындоо органдары андан тышкары аскердик бирикмелердин, кошуундардын жана бөлүктөрдүн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башка аскердик түзүлүштөрдүн эсебинен автотранспорт, күйүүчү-майлоочу материалдар, курал-жарак жана жашоо-тиричилик үчүн зарыл башка мүлк, ошондой эле турак жай менен камсыз кылынат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>