30-берене. Кызматкерлерди социалдык коргоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2025 года № 189
1. Мамлекет кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоону кепилдейт.
2. Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик жеке камсыздандырылууга жатат.
3. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте толук көлөмдө толтурулуп берилет.
4. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинген же майып болгон учурда кызматкер чектелген пенсиянын жана акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча акчалай камсыз кылуу маянасынын ортосундагы айырма түрүндө ар айлык компенсацияны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан беш жылдык акчалай камсыз кылуу өлчөмүндө бир жолку жөлөкпулду алат.
5. Улуттук коопсуздуктун кызматкери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматынан бошотулгандан кийин өлгөн учурда, курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө жана анын багуусундагы адамдарга курман болгон (өлгөн) кызматкердин он жылдык акчалай күтүлүүсү өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан бир жолку жөлөкпул төлөнөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.
6. Кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсү үчүн турак жайга болгон укуктары кызматкердин курман болгонго (өлгөнгө) чейинки шарттарда жана негиздерде же анын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча сакталат.
7. Кызматкерлерге кызмат өтөөгө байланыштуу майыптык аныкталганда аларга бир жолу берилүүчү төмөнкүдөй жөлөкпул төлөнөт: I топтогу майыптарга - беш жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө, II топтогу майыптарга - төрт жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө, III топтогу майыптарга - үч жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө.
8. Кызматкер кызматын өтөп жаткан мезгилде оор жаракат алган учурда ага 1 жылдык акчалай кармоо өлчөмүндө, жеңил жаракат алса, алты айлык акчалай кармоо өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул тиешелүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
9. Жарандар, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын кызматчылары жака кызматкерлери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу иш-чараларына тартылган учурда, аларга да ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган жоболор жайылтылат, ал эми курман болгон учурда алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана өлчөмдө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
10. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.
11. Кызматтык максатта жеке транспортун пайдаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө акчалай компенсация төлөнөт.
12. Кызматкерлердин балдарына үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында кезексиз тартипте орун берилет.
13. Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон же майып болгон кызматкерлердин балдары баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарында, босого деңгээлинен жогору баллга ээ болгон учурда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарына конкурстан тышкары укугунан пайдаланышат.
(КР 2025-жылдын 6-августундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 августа 2025 года № 189 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих", "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төлөнөт.
6. Кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошотулгандан кийин алынып салынды: алган жаракатынан, контузиясынан же кызмат өтөө мезгилинде оорудан улам курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсү үчүн турак жайга болгон … мамлекеттик уюмдарына конкурстан тышкары укугунан пайдаланышат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 6-августундагы № 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир…Положение · 26.10.2022 · № 588
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө…Постановление · 26.10.2022 · № 588 · Күчүнө кире элек
- КР Министрлер Кабинетинин 26.10.22 ж. №588 токтомуПостановление · 26.10.2022 · № 588
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112389/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>