Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-10-26.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 26-октябры № 588 Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги толук көлөмдө бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чыгымдарын каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку пособиени жана компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир…Положение · 26.10.2022 · № 588
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку пособиени жана…Положение · 28.08.2001 · № 496 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2001 года №496 "Об утверждении Положения о порядке выплаты единовременных пособий и компенсаций в случае увечья, инвалидности или…Постановление · 28.08.2001 · № 496 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2001 года №496 "Об утверждении Положения о порядке выплаты единовременных пособий и компенсаций в случае увечья, инвалидности или…Постановление · 28.08.2001 · № 496 · Күчүн жоготкон