14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектоөлөр
Күчүндө · 04.11.2024 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 февраля 2024 года № 55
1. Кыргыз Республикасынын борборунда жайгашкан казинодо оюн ойноочу үстөлдөрдүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык-аймактык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн ойноочу үстөлдөрдүн саны бештен кем болбошу керек.
Казинодо орнотулган оюн жабдуулары лицензиаттын менчигинде болууга тийиш.
2. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек.
Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында турса болот.
3. Оюн-зоок жайында оюн жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу салык кызматынын тиешелүү органына жана лицензиарды жазуу жүзүндө маалымдоого, ошондой эле акыркысына зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Оюн жабдууларынын санынын өзгөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнүн өз убагында берилбегени лицензияны чакыртып алууга негиз болуп саналат.
7. Оюн жабдуулары, адистештирилген программалык продуктулар сертификация процедурасынан өткөн жана белгиленген стандарттарга шайкештигин тастыктаган документи болгондо (алса) гана иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сертификаттоо жол жобосунан өткөн оюн жабдуулары, адистештирилген программалык продуктулар Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында сертификаттоо жол-жобосунан өтпөгөн жана стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталбаган оюн жабдууларын, адистештирилген программалык продуктуну пайдаланууга тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 февраля 2024 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
26.02.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…оюн жабдуулары лицензиаттын менчигинде болууга тийиш.
2. Оюн алынып салынды: автоматтары залында кошулду: автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек.
Оюн алынып салынды: автоматтарынын залында кошулду: автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек.
Оюн алынып салынды: автоматтары залында кошулду: автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында … тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № алынып салынды: 78 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112383/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>