9-берене. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүндө · 03.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программаларын иштеп чыгат;
3) ЭКБны пайдалануу менен объектти курууга инвестиция салуу ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;
4) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароого катышууга укуктуу;
5) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди курууга сынак өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелерди аткаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
6) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруунун долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө укуктуу;
7) энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу менен объекттерди кошууга мониторинг жүргүзөт жана контролдоону жүзөгө ашырат;
8) ЭКБнын энергетикалык дараметин, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо, ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөргө шайкеш келишин аныктоо жолу аркылуу ЭКБны пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мониторинг жүргүзөт;
9) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мекеме жана энергетикалык компания менен биргеликте электр энергиясын берүү келишимине кол коюучу катары чыгууга укуктуу;
11) ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 286-т (Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу маселелери жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 24.04.2026 · № 286-т
- "Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү: бөлүштүрүлгөн жана микрогенерация" программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Программа · 12.05.2026 · № 332
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 523 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык…Постановление · 27.08.2024 · № 523
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112382/st-9" title="9-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>