6-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Күчүндө · 03.04.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38
ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкү принциптерге негизделет:
1) кайра жаралуучу энергия жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттери кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү энергетика тутумдарын өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу аркылуу энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо турат;
2) кайра жаралуучу энергия жаатындагы мамлекеттик саясат улуттук жана региондук программалардын алкагында ишке ашырылат;
3) кайра жаралуучу энергия секторун өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашырууда айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктын саламаттыгын сактоо жана эмгекти коргоо;
4) ЭКБны пайдаланууну мамлекеттик колдоо;
5) ЭКБны отун-энергетикалык баланска киргизүү максатында ЭКБны өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) экономикалык кызыкчылыгын камсыз кылуучу укуктук жана финансылык-экономикалык механизмдердин тутумун түзүү;
6) инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо;
7) иштелип чыккан ЭКБ энергиясын сатууга кепилдиктер;
8) ЭКБ жана кайра жаралуучу отун жаатында жасалма монополияны түзүү шарттарын жокко чыгарып, ЭКБны пайдалануучу тутумдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
9) ЭКБ жаатындагы техникалык жана технологиялык жетишкендиктерди маалыматтык камсыздоо;
10) ЭКБны өздөштүрүү процессине коомчулукту жана илимий-техникалык дараметти кеңири тартуу;
11) энергия берүү же салттуу энергияны алмаштыруу максатында электр энергетика тармагынын субъекттери менен ЭКБны өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) кызматташтыгын колдоо;
12) электр жана жылуулук энергиясын борбордон ажыратылган жана автономдуу өндүрүүгө багытталган иш-аракеттерди колдоо;
13) ЭКБ жабдууларын өндүрүүгө жана пайдаланууга калкты тартуу;
14) ЭКБ жаатындагы ведомстволор аралык жана секторлор аралык кызматташууну камсыз кылуу;
15) айлана-чөйрөнү коргоо, суу объекттеринин гидрологиялык режимдерин өзгөртүүгө алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жана рекультивациялык иш-чараларды кыйшаюусуз аткаруу, балыктардын табигый урук чачуучу жерлерин, кыштоочу чуңкурларын, урук чачуучу миграция жолдорун сактоо, ал эми зарыл болгондо балыктардын анадромдук түрлөрү үчүн балык өтүүчү курулмаларды куруу.
16) күн жана шамал энергиясын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчү ЭКБ субъекттери объекттин белгиленген кубаттуулугунун 30 пайызынан кем эмес электр энергиясын топтоочуларды орнотууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 апреля 2026 года № 38 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 9 августа 2023 года № 174 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
03.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…балыктардын анадромдук түрлөрү үчүн балык өтүүчү курулмаларды куруу.
кошулду: 16) күн жана шамал энергиясын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчү ЭКБ субъекттери объекттин белгиленген кубаттуулугунун 30 пайызынан кем эмес электр энергиясын топтоочуларды орнотууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № алынып салынды: 174 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 174, 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 42-т (Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвстициялык…Распоряжение · 29.01.2026 · № 42-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралы № 70 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке…Постановление · 14.02.2025 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 713-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 592-т тескемеси…Распоряжение · 30.10.2024 · № 559
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112382/st-6" title="6-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>