17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүндө · 03.04.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 сентября 2024 года № 164
1. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ЭКБ субъекттери үчүн берилген электр энергиясына жеңилдетилген мезгил ЭКБ субъекттери үчүн ушул Мыйзамда белгиленген электр энергиясына тарифти эсептөө менен жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.
12. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого (курулушу бүтүп, эксплуатациялоого киргизилген объекттин ылайыктуулугун баалоо актысы) киргизилген, бирок жеңилдетилген мезгилди жана тарифтик преференцияларды албаган ЭКБ субъекттери ушул Мыйзамда каралган жеңилдетилген мезгилге жана тарифтик преференцияларга укуктуу.
Жеңилдетилген мезгил жана тарифтик преференциялар ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксплуатациялоого киргизилген жана ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып иштеген жылдарды эсептен чыгаруу менен жекече белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.);
2) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1266-ст.);
3) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 3-августундагы № 148 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2759-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
5) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 854-ст.);
6) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);
7) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-июлундагы № 99 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 487-ст.).
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 16-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 03.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 сентября 2024 года № 164 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О возобновляемых источниках энергии"Редакцияларды салыштыруу
13.09.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кириши 1. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. кошулду: 11. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ЭКБ субъекттери үчүн берилген электр энергиясына жеңилдетилген мезгил ЭКБ субъекттери үчүн ушул Мыйзамда белгиленген электр энергиясына тарифти эсептөө менен жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. 12. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин эксплуатациялоого (курулушу бүтүп, эксплуатациялоого киргизилген объекттин ылайыктуулугун баалоо актысы) киргизилген, бирок жеңилдетилген мезгилди жана тарифтик преференцияларды албаган ЭКБ субъекттери ушул Мыйзамда каралган жеңилдетилген мезгилге жана тарифтик преференцияларга укуктуу. Жеңилдетилген мезгил жана тарифтик преференциялар ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксплуатациялоого киргизилген жана ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып иштеген жылдарды эсептен чыгаруу менен жекече белгиленет. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө … Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 487-ст.). кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров 2022-жылдын…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 583 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү…Постановление · 24.10.2022 · № 583
- КР Министрлер Кабинетинин 24.10.22 ж. №583 токтомуПостановление · 24.10.2022 · № 583
Беренеде аталган актылар (7)
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 24.07.2019 · № 99
- Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 08.07.2019 · № 83
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.10.2012 · № 170
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 31.12.2008 · № 283 · Күчүн жоготкон
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 25.07.2016 · № 136 · Күчүн жоготкон
- "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 10.10.2011 · № 167 · Күчүн жоготкон
- "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 03.08.2012 · № 148 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112382/st-17" title="17-берене - Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>