1-берене
Күчүндө · 16.06.2022 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 231-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "300дөн 600" деген сөздөр "1000ден 1200" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "600дөн 1000" деген сөздөр "1200дөн 1500" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн 5-пунктунун экинчи абзацындагы "1000ден" деген сөздөр "1500дөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) эскертүүдө:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде адам, товарларды же башка предметтерди бажы контролунан тышкары өткөрүүнү кошпогондо, контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка предметтерди бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, ал ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.";
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) конфискацияланууга тийиш.".
Берененин тексти 16.06.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112380/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>