Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Жол фондунун каражаттарын түзүүнүн булактары
Күчүндө · 16.05.2026 редакциясы
1. Жол фондунун каражаттары төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө багытталган ассигнованиелерден;
2) бензинге, жеңил жана орто дистилляттарга жана башка бензиндерге, дизелдик жана (же) карбюратордук (инжектордук) кыймылдаткычтар үчүн дизель отунуна, автомобиль күйүүчү майы катары пайдаланылган суюлтулган көмүр суутек газына (СКГ), мотор майларына болгон акциздик салыктын элүүдөн кем эмес пайызынан;
3) автомототранспорттук каражаттарды каттоо үчүн жыйымдардан;
4) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар аркылуу жүргөндүгү үчүн жыйымдардан;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүргөндүгү үчүн жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан алынуучу жыйымдардан;
8) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлеринин жол берилген ченемдерин сактабагандыгы (ашып кеткендиги) үчүн айып пулдардан;
10) (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11) чет өлкөлүк инвестициялардан жана гранттардан;
12) жол иштерин финансылык камсыздоого карата жеке жана юридикалык жактардан түшкөн кайтарымсыз каражаттардан, анын ичинде ыктыярдуу кайрымдуулуктардан;
13) автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча каражаттардан;
14) автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндөгү лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө мамлекеттик алымдарды алуудан түшкөн каражаттардан;
15) Үстөк айыптарды (айып пулдар, туумдар) төлөөдөн республикалык бюджетке түшүүчү акча каражаттарынан, ошондой эле Жол фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик контракттын же башка келишимдердин шарттары аткаруучу (подрядчик) тарабынан бузулгандыгына байланыштуу же мындай контрактты же башка келишимдерди түзүүдөн качкандыгына байланыштуу белгиленген тартипте өндүрүп алынган мамлекеттик тапшырыкчыга келтирилген зыяндын ордун толтуруудан;
16) Жол фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу мамлекеттик контрактты түзүү максатында өткөрүлгөн конкурстун же аукциондун катышуучусу, конкурстун же аукциондун катышуучулары мындай контрактты түзүүдөн качкан учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда, мындай конкурска же аукционго катышууга өтүнмөнү камсыз кылуу катары төккөн акча каражаттарынан.
17) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардан.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жыйымдардын, айып пулдардын жана келип түшкөн каражаттардын өлчөмдөрү, аларды чегерүү, эсепке алуу, эсептөөнүн тууралыгына, толуктугуна жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо тартиби салыктык, салыктык эмес мыйзамдарга жана укук бузуулар жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленет.
(КР 2024-жылдын 15-февралындагы N 43 , 2024-жылдын 16-декабрындагы № 202, 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 мая 2026 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2024 года № 202 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2024 года № 43 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"Редакцияларды салыштыруу
16.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…автомототранспорттук каражаттарды каттоо үчүн жыйымдардан;
4) алынып салынды: жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөргөндүгү үчүн жыйымдардан;
кошулду: (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) алынып салынды: транспорт каражаттарын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдардан;
кошулду: (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар … жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан алынуучу жыйымдардан;
8) алынып салынды: оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген залалынын жана зыянынын ордун толтуруу эсебине түшкөн акча каражаттарынан;
кошулду: (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт … ченемдерин сактабагандыгы (ашып кеткендиги) үчүн айып пулдардан;
10) алынып салынды: жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкелериндеги жана жол боюндагы тилкелеринде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн акыдан;
кошулду: (КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11) чет өлкөлүк инвестициялардан жана гранттардан;
12) жол иштерин … 2024-жылдын 15-февралындагы N 43 , 2024-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 202 кошулду: 202, 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 16.05.2026 · № 67
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112371/st-2" title="2-берене - Жол фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>