Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, „Жол фонду жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-декабры № 202
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 201-глава менен толукталсын:
"201-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар
661-берене. Төлөөчү Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензинди жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъектилер саналат.
662-берене. Төлөө өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардын өлчөмү, алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
"241) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар;".
2-берене. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын: "17) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардан.".
3-берене. Ушул Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 20-ноябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 30.05.2022 · № 36
Шилтеме берет (1)
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 30.05.2022 · № 36