20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 5-глава
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Корпорация Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын укугун улантуучу болуп саналат деп белгиленсин.
3. Ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1687-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 628-ст.).
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 6-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 493 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча айрым чаралар…Постановление · 09.09.2022 · № 493
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 493 токтомуПостановление · 09.09.2022 · № 493
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.06.2013 · № 90 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>