11-берене. Корпорациянын башкаруу органы
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор Корпорацияны жетектейт.
2. Башкы директордун үч орун басары болот, алар башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкы директордун жана анын орун басарларынын функционалдык милдеттери Корпорациянын Уставы менен жөнгө салынат.
3. Корпорациянын башкы директору:
1) Корпорациянын Уставын, редакциялык саясатын бекитет, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
2) ушул Мыйзамга жана Корпорациянын Уставына ылайык Корпорациянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана анын бардык операциялары жана ишинин түрлөрү үчүн жоопкерчиликти алат;
3) Корпорациянын алдына койгон милдеттерин аткарууну уюштурат, буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, ички нускамаларды, жоболорду жана эрежелерди бекитет;
4) Корпорациянын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана кабарчылар пункттарынын түзүмүн, кызматкерлеринин штаттык ырааттамасын бекитет;
5) Корпорациянын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзөт, кайра уюштурат жана жоёт;
6) чет өлкөлүк делегацияларды жана айрым адамдарды кабыл алууга, Корпорациянын ишине байланыштуу ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө каражаттарды чыгымдоо ченемдерин, ушул максаттарга арналган каражаттардын чегинде бекитет;
7) Корпорациянын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
8) жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Корпорациянын иши жөнүндө отчет жиберет;
9) Корпорациянын милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт.
4. Корпорациядагы кеңеш берүүчү орган болуп 9 адамдан турган коллегия саналат. Коллегиянын курамына башкы директор жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын башка мүчөлөрүн Корпорациянын кызматкерлеринин ичинен башкы директор тарабынан дайындалат.
5. Коллегияны Корпорациянын башкы директору жетектейт. Башкы директор жок учурда коллегиянын жыйналыштарын башкы директордун орун басарларынын бири өткөрөт.
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 629 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук…Постановление · 18.09.2026 · № 629
- Болотбек Тиллебаев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулдуРаспоряжение · 21.10.2025
- Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалдыРаспоряжение · 21.10.2025
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>